Марал Радиосу

Жапаровдун добуш берүү учурунан сүрөттөр

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору боюнча референдумга Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинен добуш берди.

Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, Конституциянын жаңы вариантын даярдоо процессине аксакалдар, академиктер, укук жаатындагы окумуштуулар катышып, Башмыйзамдын долбоорунун мазмунун коомчулук менен ачык талкуулашканын айтты.

Мамлекет башчы өлкө жарандарын референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышууга чакырды.