Марал Радиосу

БШКнын жумушчу тобуна 34 арыз келип түшкөн

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топко 34 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу брифингде жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, арыздар 9-февралдан 10-апрелге чейин түшкөн. Анын алтоосу арыз ээси тарабынан кайра кайтарылган.

Аймактар боюнча Бишкектен 15, Чүйдөн 9, Ош шарынан 2, Ош облусунан 3, Жалал-Абаддан бир, Баткенден 3, Талас шаарынан бир арыз-даттануу келген. Бул боюнча БШК 17 чечим кабыл алды. 3 арыз сот органдарына берилген.

Арыздар төмөнкү мүнөздө болгон:

— үгүт иштеринин талаптарын бузуу боюнча 6;
— аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине карата 7;
— аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине карата 16;
— админресурс боюнча 1;
— каттоодон талапкерлерди четтетүү боюнча 1;
— билип туруп жалган маалымат таратуу боюнча 2;
— ар түрдүү мүнөздө бир арыз.

Ар бир арызды кароонун жыйынтыгында бузуулар такталса, партиянын шайлоодон четтелип, добуштун жыйынтыгын жокко чыгаруу сыяктуу кескин чаралар көрүлөрү айтылды.

Exit mobile version