Марал Радиосу

БШК: Добуш сатып алуу боюнча 32 кайрылуу түштү

Жергиликтүү кенңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүндө жалпысынан 106 кайрылуу келип түштү. Анын эң көбү — добуш сатып алуу боюнча. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Даттануулардын ичинен 23 учур админресурсту колдонуу боюнча келген. Аймактар боюнча алганда, көпчүлүк кайрылуулар Бишкек шаарынан 50 кайрылуу түштү.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

Өлкөдө 2435 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Жалпы 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.