Бүгүн, 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда 11 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөйт.
Добуш берүү күнү 5 миңдей кызматкер шайлоо тилкелерин кайтарат.
5-апрелден тарта добуш сатып алууларга бөгөт коюу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.
ИИМ кызматкерлеринен сырткары элдик кошуундун 6 миңдей өкүлү тартылат.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү өтүүдө.