Марал Радиосу

Кыргызстанда 2483 шайлоо тилкеси ачылды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды.

Анын 48и чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн даярдалды.

11-апрель эртең мененки саат 08.00дө 2435 тилкеде добуш берүү башталды. Кыргызстандыктар 28 шаардык кеңештин 796 депутатын, 420 айылдык кеңештин 7560 депутатын шайлайт.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.