Марал Радиосу

Талант Мамытов эл аралык байкоочулар менен жолукту

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциянын жаңы долбоору боюнча уюштурулган референдумга карата даярдык жана аны өткөрүү жараяндарына мониторинг жүргүзүү үчүн келген Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Талант Мамытов бүгүн биздин өлкөбүздө демократиялык шайлоолорду эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

«Кыргызстанда шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартиптин жогорку деңгээлин камсыздоо үчүн бардык чаралар көрүлөт. Өлкөбүз дайыма демократиялык шайлоолордун принциптерин карманып келген, мындан ары да карманып, жарандардын өз көз карашын эркин билдирүүсүн камсыздай бермекчи», — деп билдирди Мамытов.

КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору, Тажикстан Олий Мажлисинин төмөнкү палатасынын Адамдын, жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин конституциялык негиздерин камсыздоо жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Рахмон Дилшод алдыдагы шайлоого карата даярдыктын деңгээлине баа берип, мониторинг жүргүзүүчү топтун курамы, байкоочулардын иш программасы, белгиленген жолугушуулар, байкоонун маршруттары жана ыкмалары жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун соңунда байкоочулардын эл аралык миссиясынын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жана референдумду өткөрүүдө ийгилик каалашты.