Марал Радиосу

Улуу Британияда аза күтүү жарыяланды

Улуу Британиянын Ханышасы Елизаветанын күйөөсү, Эдинбург герцогу Филиптин каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү жарыяланды. Букингем сарайынын желеги түшүрүлүп, англистер сарайга гүл алып келишүүдө.

Канзаада Филип кечээ, 9-апрелде 99 жашында Виндзор сарайында көз жумган.

Жерге берилгенге чейин Филиптин сөөгү Виндзор сарайында кармалат. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Георгий чиркөөсүндө өтөт.

Ханзаада Филип Маунтбеттен 1921-жылы 10-июнда Грецияда төрөлгөн. Ал Грециянын королу Георг Iнин небереси жана канзаада Андрейдин уулу. Андрейдин улуу агасы Константин I 1922-жылы тактан баш тартканда, канзаада Филиптин үй-бүлөсү Грециядан куугунтукталган. Ал Улуу Британиянын ханышасы менен колледжде окуп жүргөндө таанышкан. Алар 1947-жылы баш кошкон. Экөөнүн ортосунда төрт баласы бар.

Маалыматка ылайык, герцог Филип жакында 100 жашка толмок.