2-апрелде Алай районундагы Терек айылында көчкүдө калган 2007-жылы туулган Э. уулу Б. аттуу өспүрүмдүн сөөгү бүгүн 10-апрелде табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн жерине издөө иш-чараларын улантылып, Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жергиликтүү тургундардан 20 адам, «Ош-Пирим-Транс» ЖЧКдан 1 экскаватор тартылган.
Саат 09:20да баланын сөөгү көчкүнүн астынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.