Марал Радиосу

Бишкекте стол тенниси боюнча ачык чемпионат өтөт

17-18-апрелде Бишкек шаарындагы №65 мектепте стол тенниси боюнча ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бардык санитардык-эпидемиялык эрежелер милдеттүү түрдө сакталат. Мелдеш эркектер жана аялдар, жалгыз жана жуптар арасында өтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Спорттук жарышты Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгы Стол тенниси ассоциациясы менен биргеликте уюштурууда.