Марал Радиосу

«Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын жетекчиси кармалды

«Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы Ильяз Сансызбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2020-жылдын август айында аталган филиал «Ош электро» Жабык акционердик коомунун имаратын сатуу үчүн аукцион өткөргөн. Жыйынтыгында жалпы баасы 1 млрд 500 млн сомду түзгөн 600 чарчы метр аянттагы 16,65 сотых жер тилкесин жеке адамга 8 млн сомго арзан сатып жиберген.

Мындан тышкары, ал белгиленген тартипти бузуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз чыгарган.