Марал Радиосу

Кыргызстанда 1279 адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда акыркы суткада 430 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми 29-марттан бери бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 1279 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү.

Алар:

— Бишкек шаарында — 306 адам,

— Ош шаарында — 283 адам,

— Чүй облусунда — 151 адам,

— Ош облусунда — 319 адам,

— Ысык-Көл облусунда — 98 адам,

— Баткен облусунда — 11 адам,

— Нарын облусунда — 111 адам.

Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 пункт ачылган. Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдын «SinoPharm» вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Аны менен 75 миң адам эмделет.  Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.