Марал Радиосу

Өлкөдө ректорлордун эл аралык форуму өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги «Ковидден кийинки мезгилде дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу» аталышында ректорлордун эл аралык форумун өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны өткөрүү 5-8-сентябрга пландалды. Анда билим берүү жаатында эл аралык кызматташуу маселелерин чечүү үчүн дүйнө жүзүнөн 200дөн ашуун жогорку окуу жайдан өкүлдөр келери күтүлүүдө.

Форумдун максаты — дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынын топ-менеджерлерин жана ректорлорун бир аянтчага чогултуу, окуу жайлар аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюуну демилгелөө.

Учурда уюштуруу комитети Форумду өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү, программасын даярдоо, чет өлкөдөн келе турган коноктордун тизмесин түзүү иштерин жүргүзүп жатат.