Марал Радиосу

Бишкекте 22 окуучу жана 13 мугалим коронавируска чалдыкты

Бүгүн, 9-апрелге карата Бишкекте коронавирус инфекциясы 22 окуучуда жана 13 мугалимде катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, 8-апрелде кечки саат төрткө карата тогуз мугалим COVID-19 жугузуп алганы, дагы төртөө пневмонияга чалдыкканы аныкталган. Ошондой эле 20 окуучу коронавирус, 2 окуучу пневмонияга кабылган.

«3 миң 874 окуучу курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруп жатат. Алты мектептин тогуз классы 14 күнгө аралыктан окутууга жөнөтүлдү», — деди Иманалиева.

Ошондой эле Иманалиева ата-энелерге тандоо укугу берилерин билдирди. Тактап айтканда, эгерде ата-энелер кооптонуп жатса, анда арыз жазып, балдарын аралыктан окутса болот. Учурда миңден ашык окуучу арыздын негизинде онлайн окууга өттү. Ал эми шаарда жалпы 105 миң окуучу аралыктан билим алууда.