Биз менен байланышыңыз

Жаңы Башмыйзам менен «Кумтөрдөгү» кылмыш иштеринин баары жокко чыгат

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1899 | 0

Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары суранганыма карабай, тийиштүү органдар кендеги келишимдер тууралуу маалыматтарды бербей жатат. Бул тууралуу парламенттин 8-апрелдеги жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Алтын кендин ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын мүчөсүнүн айтымында, 2004-жылы «Кумтөрдүн» акциялары сатылбаганда, андан бери 15 млрд доллар мамлекеттин казынасына түшмөк.

«Мен: «2004-2009-жылдардагы «Кумтөр» боюнча «Камеко» менен Кыргыз Өкмөтү ортосундагы келишимдин көчүрмөсүн бергиле», — десем, бүгүнкү күнгө чейин бербей келатат. Өткөндө бир кат бериптир, анда эки башка маалымат жүрөт. Мамлекеттик геология агенттиги ушул күнгө чейин 410 тонна 200 кг алтын казылып кеткен десе, «Кыргызалтын» ААКы 409 тонна алтын казылып сатылган жатат деп жатат. Айырмасы: 1200 кг. Аны айтканга оңой, бирок 65 млн долларлык алтын. 5 жарым млрд сом. Ал алтын каякта, ким жеп кеткен? Бул боюнча өкмөт түшүндүрмө берсин. 410 тонна алтын казылып алынып кетти. Бул деген 25 млрд доллар. Эгерде «Кумтөр» боюнча мурдагы өкмөттөр чыккынчылыкка барбаганда, анын 15 млрд доллары же 67 пайызы бизде калмак да. Мен мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары ушуну сурап атам. 2004-жылы эмне үчүн акцияны сатканбыз? Ким 16 миң гектар жерди трансформация кылган? Кимдер «Кумтөргө» кызмат кылган? Жаңы Башмыйзам менен «Кумтөр» боюнча кылмыш иштери жокко чыгып кетет. Аны менен «Кумтөр» боюнча комиссиянын иши да жокко чыгып кетет. Андыктан мен тез аранын ичинде 2004-2009-жылдардагы келишимдерди берүүнү талап кылам. Эмнеге биз аларды салыктан бошоттук? Эмнеге 16 миң гектарды трансформация кылып бердик?», — деди  комиссиянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM