Биз менен байланышыңыз

Уурдалган кыздын өлүмү тууралуу жаңы жагдайлар

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 15722 | 0

8-апрелде Бишкек шаардык милициясы уурдалган кыздын өлүмү тууралуу жаңы жагдайларды кабарлады.

Маалыматка караганда, 5-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук милициясына Ш.Н аттуу аял арыз менен кайрылып, Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде таңкы саат 7.30 чамасында кызын ала качып кетишкенин айткан.

Кызы К.А 1994-жылы туулган. Аны «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү кызыл түстөгү унаага күч менен отургузуп, ала качып кетишкен. Унаанын номери 08 KG 933 AHR.

Милиция бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен каттап, иликтөө жүрүп жаткан.

Криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери кызыл түстөгү унаа Кара-Балта шаарынын тургуну Н.К аттуу жаранга таандык экенин аныкташкан. Ал машинесин К.Д аттуу башка жаранга ижарага бергенин айтып берген, ал болсо унааны байкеси Т.З такси катары колдонорун билдирген.

Милиция жогоруда айтылган Т.З аттуу 1985-жылы туулган жаран достору менен чогуу кызды ала качканын аныктаган.

Мындан тышкары, 5-апрелде кызыл түстөгү «Цивик» унаасы Ак-Өргө жакта жүргөнү байкалып, «Сосновка» постуна кошумча милиция күчтөрү тартылган. Шектүүлөрдү издөө Бишкек жана Чүй облусунун бардык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн.

Кызды ала качып кетишкен күнү апасы кечке жуук аны менен байланышкан. Кыз апасына баары жакшы экенин, үйгө кайтарын айткан. 6-апрель күнү түнкү саат 02.00 чамасында кыздын апасы милицияга телефон чалып, кызы үйгө келе электигин билдирген.

Апасы менен сүйлөшкөндөн кийин кыздын телефону дароо өчүрүлгөн.

Милициянын маалыматы боюнча, кызды издөө жана шектүүлөрдү аныктоо иши эч токтогон эмес.

Марипов өлтүрүлгөн кыздын окуясы тууралуу пикирин билдирди

7-апрелде 27 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Окуя болгон жерде унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркектин сөөгү табылган.

Аларга кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бишкек милициясынын Криминалдык милиция кызматы тарабынан ала качууга тиешеси бар адамдардын бири кармалды.

Маалыматка караганда, кармалган адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка шектелген дагы эки адамды издөө иштери жүрүп жатат.

«1994-жылы туулган К.А.ны аттуу кызды ала качууга шектелгендердин бир 1992-жылы туулган Р.А. кармалды. Калган эки шектүү тууралуу толук маалымат аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM