Марал Радиосу

«Тазалыкчылар» жаңы формалуу болушту

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы формалуу болушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Жибек Каракеева кабарлады.

700 комплект кийим көчө шыпыруучуларга жана демонтаж боюнча бөлүмдүн жумушчуларына таратылды.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардык аймактарды санитардык тазалоо, коммуналдык тейлөө, шаардын жолдорун, тышкы көрктөндүрүү элементтерин күтүү, муниципалдык тапшырыктар боюнча жолбун жаныбарларды кармоо жана атуу иштерин аткарат.

Бүгүнкү күндө ишканада 1462 адам иштейт, анын 693 көчө шыпырган кызматкер.