Марал Радиосу

«Жаңы конуштарды шаардын деңгээлине көтөрөбүз»

Бишкек шаарынын экс-мэри, «Ак бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев «Маралга» берген маегинде шайлоодо утуп чыкса, жаңы конуштарды шаардын деңгээлине алып келерин билдирди.

Кайрадан мэр болуп калса, 4 жылдын ичинде айткандарын аткарууга убада берди.

Түлеев Бишкектин мэри болуп турган кезде, жаңы конуштарды өнүктүрүүгө 480 млн сом бөлүнгөнүн эске салды.

«Ак бата» партиясынын курамынын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзөт. Анын ичинен 30%ы — кыз-келиндер.