Марал Радиосу

«Бишкекте Тунгуч кичи районуна сквер курулат»

Быйыл Тунгуч кичи районуна сквер курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын турак-жай, коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ошондой эле жакын арада Боталиев көчөсүндөгү парк ачыларын маалымдады.

«3 айлык ишембиликке активдүү катышып берип жаткан шаардыктарга мэриянын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми жашылдандыруу иштерине көчөт алып келип жаткан адамдар бар.

Суранарым, биринчи тазалыкты сактайлы. Шаарыбыздын тазалыгы ар бирибиздин колубузда. Эпидемиялык абал курчуп баратканына байланыштуу санитардык эрежелерди так сактасаңыздар», — дейт Ырсалиев.

Ырсалиев кошумчалагандай, быйыл 97 жерге таштанды урналары орнотулат.