Марал Радиосу

COVID-19: Кыргызстандыктардын 55%ы эмдөөдөн өтүүгө даяр

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдетин түшүнүүсүн жана тажрыйбасын баалоого арналган изилдөө жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, изилдөө ДССУ менен USAIDдин техникалык жана каржылык колдоосу менен, өткөн жылдын декабрь айынан ушул жылдын февраль айына чейин үч толкун менен жүргүзүлдү.

Баалоо жүргүзүү COVID-19 илдети менен байланышкан жооптуу чараларды адекваттуу жана таасирдүү кылуу үчүн, калктын маалымдуулугуна, оору коркунучун түшүнүүсүнө, жүрүм-турум моделдерине жана ишеним деңгээлине тез, ийкемдүү жана экономикалык жактан натыйжалуу мониторинг жүргүзүү ыкмасы болуп эсептелет.

Маалыматтар компьютердик телефондук интервью  аркылуу чогултулду. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын бардык жети облусунан жана эки негизги шаары – Бишкек жана Оштон маалымат топтоонун ар бир этабында 1000 адамга сурамжылоо жүргүзүлдү.

Маалыматтарды топтоо Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги менен ишке ашырылды жана бул долбоордун алкагында топтолгон бардык маалыматтар ушул министрликке тиешелүү.

«Жүргүзүлгөн изилдөө өтө маанилүү, анткени ал бизге адамдардын вакцина алууга болгон даярдыгын түшүнүүгө жардам берет. Бүгүнкү күндө эмдөө жүргүзүү пандемияны көзөмөлдөөнү камсыз кылуучу, жаңы учурлардын жана өлүмдүн санын төмөндөтө турган негизги коргоочу чаралардын бири экендигин түшүнүшүбүз керек»,- деп белгиледи ДCУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жыйынтыктарын төмөндө өзгөртүүсүз беребиз:

Вакцинация

Сунушталган иш-аракеттер: жеткиликтүү болгон вакциналар тууралуу адамдардын жетиштүү маалыматка ээ болушу камсыздоо; вакцина алган адамдардын көбөйүшүнө жараша, коом түздөн түз вакцина алгандардын өз оозунан угушу үчүн, алардын баяны менен кеңири бөлүшүү; медициналык кызматкерлер өзүлөрү эмдөөдөн өтүшү жана эмдөөгө үгүттөөсү үчүн, аларга материалдык сый акы берүүгө өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгы тууралуу маселени карап чыгуу.

Билими жана түшүнүүсү

Сунушталган иш-аракеттер: калктын максаттуу топторуна түшүнүктүү болуусун камсыз кылуу үчүн, билдирүүлөргө жана маалыматтык материалдарга сереп салуу, зарылдыгына жараша маалыматтарды кайра карап чыгуу жана жайылтуу; максаттуу аудиториялар менен билдирүүлөргө тестирлөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу; социалдык тармактар аркылуу маалыматтар менен бөлүшүүнү колдоо үчүн коомдун лидерлери менен өз ара аракеттенишүү (инсандар аралык жана социалдык тармактар аркылуу).

Оору коркунучун түшүнүү жана коргонуучу жүрүм-турум модели

Сунушталган иш-аракеттер: Тийиштүү каналдарды, тилди жана визуалдык каражаттарды колдонуп, эмдөөдөн кийин, ошондой эле өлкөдөгү COVID-19 илдетинин шартында коргонуучу жүрүм-турумдун маанилүүлүгүн баса белгилегиле.