Марал Радиосу

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы талкууланды

2021-2026-жылдарга карата өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, талкууга жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Концепциянын негизги максаты — мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Маалыматка ылайык, 5-6-апрель күндөрү Жалал-Абад жана Ош облустарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаевдин катышуусунда «2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын» долбооруна карата иштелип чыккан иш-аракеттер планы боюнча коомдук талкуу өткөрүлгөн.

Мамкомиссиянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, ушундай эле талкуулар 8-апрелде өлкөнүн башка облустарында өткөрүлмөкчү.