Марал Радиосу

Италияда Нобель сыйлыгынын лауреаты «евронун атасы» көз жумду

«Евронун атасы» деп эсептелген канадалык экономист Роберт Манделл 88 жаш курагында көз жумду.  Бул тууралуу «Bloomberg» журналы Колумбия университетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.

«Forbes» журналынын маалыматы боюнча, экономист 4-апрелде Италияда көз жумган. Анын акыркы жылдары үй-бүлөсү менен чогуу Италияда жашаганы айтылып келген.

Роберт Манделл Европа үчүн бирдиктүү валютанын түзүүчүсү болуп эсептелинет. Экономистин изилдөөлөрү 1999-жылдагы акча биримдигинин негизин түзүүгө жардам берген. Ал ошондой эле жалпы европалык экономикалык жана валюта биримдигин түзүүнү колдогон.

1999-жылы Роберт Манделл Экономика тармагы боюнча Нобель сыйлыгын акча-кредиттик жана фискалдык саясатты талдоо, ошондой эле оптималдуу валюта зоналарын анализдегендиги үчүн алган.