«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы, Транспорт министрлигинин буйругу менен жүктүн бардык түрүн бир чакырымдан 30 чакырымга чейин ташууда 10% жеңилдик берди.
Бул тууралуу аталган ишкананын расмий сайтына жарыяланды.
Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» ишканасы Кытайга же Кытайдан 1-апрелден 31-декабрга чейин 23 чакырым алыстыкта транзиттик жүк ташуу үчүн (20-40 футтык контейнер) 50 доллар деп атайын ченди бекитти.