Марал Радиосу

Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты старт алды

Бүгүн, 6-апрелде, Бишкек шаарында дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионаты старт алды. Мелдештерге 28 өлкөдөн 19 спорчу катышып жатат. Бардыгы болуп 15 комплект медаль ойнотулат.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 16:00до чемпионаттын ачылыш аземи өтөт. Беттештер жана ачылыш аземи «КТРК Спорт» телеканалынан түз алып көрсөтүлөт.