Марал Радиосу

2030-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты

Кыргызстанда 2030-жылга чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча концепция даярдалды. Документ Билим берүү жана илим минисрлигинин жумушчу тобу тарабынан иштелип чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Концепциянын максаты: Кыргызстан элдеринин руханий жана маданий баалуулуктарын сактап, аны өткөрүп берүүнү камсыз кылган улуттук билим берүү системасын өнүктүрүү, ички жана тышкы чакырыктарга ийкемдүү жооп берүүчү башкаруу механизмдерин түзүү, көп маданияттуу коомдун муктаждыктарын жана билим берүүчү керектөөлөрүн канааттандыруу.

“Концепцияны ишке ашыруу Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоо сапатынын жогорулашына алып келиши керек.
Концепция жогоруда аталган максаттарды ишке ашыруунун теориялык, методологиялык жана уюштуруучулук жоболорун жана багыттарын камтыйт”, — деп айтылат маалыматта.