Марал Радиосу

Онкология борборунун директору отставкага кетти

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков отставкага кетти. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Эрнис Тилеков иштен кетүү тууралуу өз ыктыяры менен арыз жазган. Ал бул кызматта төрт жыл эмгектенди.