Марал Радиосу

10-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет апрелде өлкө боюнча абанын температурасы негизинен климаттык норманын чегинде болот деп билдирди. Бирок Кыргызстандын кээ бир аймактарында кайсы бир учурда аба ырайы кескин өзгөрүшү ыктымал. 6-апрелден 10-апрелге чейин өлкө аймагында кандай аба ырайы күтүлөт десеңиз төмөндө болжолдуу маалыматты сунуштайбыз.

6-10-апрелдерде Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-апрелде күндүз, 7-9-апрелдерде жана 10-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-апрелдерде Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде түнкүсүн бир аз жаан жаашы күтүлөт.

6-апрелде күндүз, 7-9-апрелдерде жана 10-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-апрелде күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-апрелдерде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-апрелде түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-апрелде күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-апрелдерде Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-8-апрелдерде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-10-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-апрелдерде Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде түнкүсүн Чолпон-Ата шаарында жаан жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

7-8-апрелдерде Каракол шаарында жаан жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-апрелдерде Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-апрелде күндүз жана 7-8-апрелдерде кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-10-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.