Марал Радиосу

Ысык-Көлдө 31 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан 2 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы 2014-жылдын 3-ноябрында Бает айылындагы баасы 31 млн сомдук 2 гектар жер тилкесин С.К аттуу адамга 49 жылдык мөөнөткө ижарага берген.

2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата аппеляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган.

2021-жылдын 2-мартында аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу үчүн Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген.

Бүгүнкү күндө жер мамлекетке толук кайтарылып, ижарага алган адамдын пайдалануу укугу токтотулду.