Марал Радиосу

Эрулан Көкүлов күбө катары суракка чакырылды

Блогер, журналист «Не сахар» долбоорунун автору Эрулан Көкүлов Нарын облустук милициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине кабарлады.

Активист 23-мартта «Top Notch» компаниясынын кампасындагы товарды текшерүү максатында Нарынга барган. Мөөнөтү өтүп кеткен товарлар тууралуу материалы Ютубга жарыяланган. Андан кийин алып баруучуну күбө катары суракка чакырышкан.

Иштин чоо-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек.

Exit mobile version