Марал Радиосу

«Преференциалдык ыкма парламентке олигархтардын келишине бөгөт коёт»

Преференциалдык шайлоо ыкмасы парламентке олигархтардын келишине бөгөт коёт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, добуштарды сатып алууга мүмкүнчүлүк болбойт. Дебат, көз караштардын тиреши болот. Акчалуу, бирок сөзгө чоркоктордун парламентке келүүсүнө шанс азайып, билимдүүлөрдүн, кадырлуулардын мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Добуш берүү боюнча коркутуулар орун албайт.