Марал Радиосу

7-апрель демалыш күн болуп эсептелет

7-апрель — Кыргызстанда эс алуу күнү болуп эсептелет.

Быйыл Апрель ыңкылабына 11 жыл толот. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүшкө чыккан.

Анда элге ок атылып, 100гө жакын адам шейит кеткен, 500гө жакын жаран ар кандай жаракат алган. Акыры элдин күчү менен Ак үйдүн имараты алынып, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев шаардан, андан кийин өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Окуядан соң өлкөдө Убактылуу Өкмөт түзүлүп, турукташтыруу иштери башталган.

Кошумчалай кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы кабыл алган «Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» жарлыктын негизинде 7-апрель Кыргызстанда расмий майрам катары белгиленип, демалыш күн болуп эсептелет.