Марал Радиосу

Президенттин Ош, Баткен облустарына болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 3-4-апрелде Ош жана Баткен  облустарында болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Баткен облусунда мамлекет башчысы Бужум аскер полигонунда өткөн «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.

Андан соң Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын биринчи мамычасынын пайдубалына капсула салды. Ошондой эле Баткен шаарында жайгашкан өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта ишканаларды куруу долбоору менен таанышты.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Кичи жана Чоң Памир аймактарынан Ош облусунун Алай районуна көчүп келген афган кыргыздары менен жолугушту.