Марал Радиосу

Кыргызстандын түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-6-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.