Марал Радиосу

COVID-19: 172 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза болду

Бүгүн, 4-апрелге карата сутка ичинде COVID-19 илдети 172 адамдан табылды.  Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлады.

Маалым болгондой, жаңы катталган учурлар Бишкек шаарында 124, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда 33, Ысык-Көл облусунда 10,  Ош, Талас, Жалал-Абад облустарында бирден адамдан табылган.

Ошондой эле илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Чүй облусунун тургундары болгон. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1506га жетти.

Ал эми акыркы суткада илдеттен 87 адам айыгып чыкты. Жалпысынан Бишкекте 46, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 30, Ысык-Көл облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 3 киши илдетти жеңип чыкты.

Өлкөдө илдет катталгандан бери жалпы 89014 адам вирусту жугузса, андан 85 164 адам айыгып чыкты.

Exit mobile version