Марал Радиосу

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери кайрадан улантылууда

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери кайрадан улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 13:30да Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган Э. уулу Б. аттуу бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Бүгүн жеринде издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундар тартылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 3-апрелде жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулган.