Марал Радиосу

Өзбекстанда бокс боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

2023-жылы бокс боюнча Дүйнө чемпионаты Ташкент шаарында өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Дене тарбия жана спорт министрлиги билдирди.

«Ташкент шаарында 2023-жылы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу чоңдор арасында өтөт. Мындай абройлуу мелдеш биздин өлкөдө гана эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи жолу өткөрүлөт», — деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Мындай форматтагы чемпионат Өзбекстанда буга чейин өткөрүлгөн эмес. Азырынча сынактын так күнү жарыялана элек.