Марал Радиосу

Нарматова: Кайрымдуулук фондум жалгыз бой энелерге жардам берет

V чакырылыштын депутаты, коомдук-саясий ишмер Надира Нарматова «Маралга» берген маегинде кайрымдуулукту, эл менен иштөөнү күнүмдүк жашоодогу милдети катары көрөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарматова учурда жалгыз бой энелерге моралдык, материалдык жана укуктук жаткан жардам берүү, кайрымдуулук жасоо иштери менен алектенет.

Анын айтымында жалгыз бой аялдарга мамлекеттик деңгээлде аз көңүл бурулат. Анткени мындай айымдардын саны өтө көбөйүп кетти.

Мындан сырткары калктын социалдык көйгөйүн чечүү багытында таза суу чыгаруу, ФАП сыяктуу объектилерди куруу иштерин жасоого демилге көтөрүп, эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алып барып келет.