2021-жылдын январь айынан март айына чейин пенсия жана жөлөк пул үчүн 12 млрд 431 млн 700 миң сом бөлүндү. Мунун ичинен 4 млрд 147 млн 700 миң сому март айында берилди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Ошол эле учурда облус жана шаарларга төмөнкү суммада таратылган:
Бишкек шаарына — 2 млрд 23 млн 800 миң сом;
Чүй облусуна — 1 млрд 915 млн 400 миң сом;
Нарын облусуна — 994 млн 700 миң сом;
Ысык-Көл облусуна -1 млрд 133 млн 600 миң сом;
Талас облусуна — 514 млн 400 миң сом;
Ош шаарына — 443 млн 800 миң сом;
Ош облусуна — 2 млрд 280 млн 600 миң сом;
Баткен облусуна — 994 млн 100 миң сом;
Жалал-Абад облусуна — 2 млрд 131 млн 300 миң сом.