Марал Радиосу

Өлкөдөн өгөйлөнгөн өнөр жайдын өксүгү

Казакстандын статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстандан 894 тонна, ал эми Өзбекстандан 13 миң тонна кийим-кече импорттолгон. Кыргызстан менен Өзбекстандын кошуна өлкөгө чыгарган экспортунун көлөмүндө дээрлик 14 эсе айырма бар. Тактап айтканда, текстиль тармагында Өзбекстан акыркы жылдары Кыргызстандан эселеп өтүп, экспортто негизги атаандаш бойдон калууда.

Кыргызстанда бул тармакты акыркы он жылда жеке ишкерлер колго алып, өндүрүмдү Өзбекстан, Казакстан, Орусияга чейин экспорттоп келишкен. Кыргыз тикмечилеринин өндүрүмдөрү өлкө базарларында да өтүмдүүлүгү артып, кеңири жайыла баштаган. Бирок ишкерлер базарларда кошуна Өзбекстандын товарлары көбөйгөнүн айтышып, жергиликтүү товарларга үстөмдүк кылып жатканынан кооптонушат. Андан тышкары өндүрүмдөрдү сыртка сатууда казак, орус соодагерлери түз эле Өзбекстанга ооп баратканы байкалганын ишкерлер кулак кагыш кылууда.

Бишкектин тургуну Венера Азимова 10 жылдан бери тигүү цехин иштетип, кийимдерди сыртка экспорттоп келет. Жеке ишканасында 80 тигүүчү эмгектенет. Ишкер бул тармак мамлекет тарабынан колдоого алынбай жатканын, текстилди өнүктүрүүгө жетиштүү шарттар жок экенин айтат.

«Биздин текстиль тармагы мамлекет тарабынан колдоого муктаж. Айрыкча, заманбап тигүү жабдуулары жетишпейт, алардын баасы кымбат. Бул жагынан Өзбекстан бир топ жогору турат. Анткени аларда мындай ишти мамлекеттик ири фабрикалар, ири долбоорлор колдоого алган. А бизде бардыгы жеке ишкердин мойнунда, кимдин алы жетсе, колунан келгенин, каалаганын жасайт. Тикмечилерибиздин тажрыйбасы мыкты, кийимдин бардык түрлөрүн тигет. Бирок ар ким өзүнүн күчү жеткенин кылып, чачыранды иштегенден көрө, мамлекет колдоо көрсөтсө, тармактын иши жемиштүү болмок. Өндүрүш шаарчаларын уюштуруп, шартты түзүп, бизге окшогон майда, орто ишкерлик кылгандарды тартса, мен ойлойм, көпчүлүгү барып иштейт. Ар ким өз алдынча иш кылгандан көрө, мамлекет уюштуруп берген аймакта иштөө жеңил болмок. Мамлекет көп кепилдиктерди бермек. Экинчиден, салык жагынан да жакшы киреше түшмөк. Азыр көпчүлүгү үйүндө дарбазасын жаап алып, көмүскө иш кылат. Биз тигели десек, кээде сырье убагында келбей калат же чек ара жабылып калат. Сезонго ылайык товарлардан артта калып жатабыз», — дейт ишкер.

Анын айтымында, учурдагы кыргыз-кытай чек арасынын жабык туруусу да тармактын ишин аксатты. Анткени текстилге керектелүүчү сырьенун бардыгы Кытайдан түз келбей, Казакстан аркылуу кирүүдө. Бул учурда кездеме, топчу, жип сыяктуу каражаттар өздүк наркынан кыйла кымбат болуп жатат.

«Мисалы, бир таңгак жипти былтыр 260 сомдон алсак, быйыл 330 сомго чыкты, айырма 70 сом. Муну доллардын өсүшүнө да негиздеп жатышат. Доллар көтөрүлсө 10-15 сомго көтөрүлдү, а биздин алган нерселерибиз 60-70 сомго өстү. Бул — негизсиз өсүү. Баалар такыр көзөмөлдөнбөй калды».

«JIA» бизнес-ассоциациясынын мүчөсү Замирбек Шамшиевдин айтымында, кошуна өлкө чийки заттын дээрлик бардыгын өзү өндүргөндүктөн, товарды арзаныраак чыгарат. Ошондуктан сырьену өзүбүздө өндүрүүдөн баштап, айыл чарба, логистика, аны сатуу маселелерин кошо карап, комплекстүү чараларды көрүү зарыл.

«Көп инвесторлор, текстиль тармагындагы эл аралык бренд компаниялар кошуна өлкөлөрдү тандап кетип жатат. Буга кошуна өлкөлөрдө бизнестин мамлекет тарабынан корголуусу, сот системасы, сырьего болгон муктаждыгынын жоктугу да себеп».

Ал арада Кыргызстанда алгачкы ирет «Silk Way» текстилдик-индустриалдык паркы курула баштады. Долбоор Кыргыз Өкмөтүнүн текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. 70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай комплексинин аймагында соода-экспозициялык күркөлөр, кампалар, тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминал жайгашып, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Тагыраагы, бажы-логистикалык борбор болот да, келген жүк ордунда бажылык тариздөөдөн өтөт. Ири кампалар, Европа стандарттарына жооп берген фабрикалар курулат. Индустриалдык парктын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, аймак ишкерлердин башын бириктирип, өлкөнүн текстиль тармагын өнүктүрүүгө, өндүрүмдөрдү алыскы өлкөлөргө чейин экспорттоого шарт түзөт.