Марал Радиосу

«Чалдыбар» бекетинде 30га чукул жүк ташуучу унаа токтоп турат

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү бекетинде абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы бекеттер кадимки тартипте иштөөдө. Бүгүн саат 17:30га карата «Чалдыбар» бекетинде 30га чукул жүк ташуучу унаа токтоп турат.

Чек арадан унаалардын өтүүсүнүн жайлап калышынын себептерин Кыргызстан жана Казакстандын чек ара өкүлдөрү иликтеп жатат.

УКМКнын чек ара кызматы жүк ташуучулар үчүн өткөрүү бекеттеринен өтүүдө кыргыз тараптан эч кандай чектөө киргизилбегенин белгилейт.