Марал Радиосу

Май айындагы майрамдар. Кайсы күндөрү эс алабыз?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 2021-жылдын май айындагы майрам күндөрдүн календарын жарыялады.

Ага ылайык, Эмгек кодексинде жумушчу эмес майрам күндөрү катары төмөнкү даталар белгиленген:

Майрам күндөрү эс алуу күндөрүнө туш келип калса, демалыш күн андан кийинки иш күнүнө которулат. Бирок кызматкерлер тарабынан демалыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Өкмөт 2020-жылдын 30-декабрында  «Эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө» №633 токтомун кабыл алган. Ага ылайык, ушул жылдын 3-майындагы эс алуу күнү (1-май демалыш күнүнө дал келгендиктен, демалыш күнү деп таанылды) ушул жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулду. Ошентип, 3-май жумуш күнү болот.