Марал Радиосу

4 айда Бишкекте миңден ашык мыйзамсыз объект алынды 

Жыл башынан бери Бишкекте миңден ашык мыйзамсыз объект алынды. Бул тууралуу Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, жарандар короосун мыйзамсыз негизде кеңейтип алган учурлар көп кездешүүдө. Маселен, 1-6 метрге чейин жолго чыгып кеткен учурлар бар. Тилекке каршы, мындай жолдорду оңдоодо жергиликтүү тургундар каршы чыгууда. Бирок мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери улантылат.