Марал Радиосу

Бишкекте 8 айлык наристеден коронавирус аныкталды

Бишкекте 30-мартта 8 айлык наристеден коронавирус илдети аныкталды. Мындай маалыматты Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова кабарлады.

Коронавирус инфекциясы 8 айлык наристеге эжесинен жуккан болушу мүмкүн, себеби ал учурда ооруп, үйүндө дарыланып жаткан.

«Бүгүнкү күндө наристенин абалы жакшы, үйүндө дарыланып жатат», — деди Айнагүл Рыскулбекова.

Быйыл жыл башынан бери Бишкек шаарында коронавирустун 3258 учуру катталган.

Кыргызстанда 88 374 адамга коронавирус жукту. Анын 1499у көз жумуп, 84 809 адам айыкты.