«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун үстүндө иштеп баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кыргыз тарап Өзбекстандын тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдөн соң, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун долбоорлоо боюнча иш-чараларды пландаган.
Ушул эле иш-чаралардын алкагында узундугу 186 км түзө турган Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу боюнча долбоорду да алдыга жылдыруу каралууда.