Марал Радиосу

Түркиянын бардык аймагына кайрадан карантин жарыяланды

AW977674

Түркия бийлиги Covid-19 илдетине чалдыккандар көбөйүп жатканына байланыштуу карантиндик чектөөлөрдү кайрадан күчөттү. Бул тууралуу «Anadolu» маалымат агенттиги жазды.

29-мартта өткөн басма сөз жыйында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө коронавирус күч алып, ооругандар кескин көбөйгөнүнө байланыштуу коменданттык саат күчүнө кирерин жарыялап, өлкө калкынын 80%ы жашаган 58 провинция кайрадан «кызыл тилкеге» айланганын белгилеп өттү.

Кабыл алынган чечимге ылайык, иш күндөрү кечки 21.00дөн таңкы 5.00гө чейин коменданттык саат бүткүл өлкө боюнча сакталат. Бул учурда кафе-ресторандар жеткирип берүү кызматын гана аткарат.

Белгилей кетсек, ишемби күнү өлкө боюнча 30 миң 21 адамдын COVID-19га чалдыкканы тастыкталган. Бул декабрь айынан берки эң жогорку көрсөткүч катары катталды.