Марал Радиосу

5-14-троллейбус каттамдары өз ишин жандантты

5-14-троллейбус каттамдары мурдагы режимде жүрүп баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ подстанциядагы кырсыктан улам каттамдын планына өзгөртүүлөр киргизилип, иши убактылуу токтотулуп турган.

Бүгүн подстанция калыбына келтирилип, 5-14-троллейбустар мурункудай каттоого өтүштү.