Марал Радиосу

УКМК «Жумалиев ооруканага которулду» делген маалыматты төгүндөдү

«Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын СИЗОсунан жеке клиникага которулду» делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин «24.kg» маалымат агенттиги жеке булактарына таянып, Жумалиевдин ооруканага которулганын кабарлаган.

УКМК депутат Кубанычбек Жумалиев «Бикард» клиникасында дарыланган соң, мекеменин СИЗОсуна кайтарылганын билдирди. Ошондой эле ар кандай так эмес маалыматтар элди туура эмес жакка багыттаарын, аны тараткан учурда мыйзам алдында жоопко тартыларын эскертти.