Марал Радиосу

Коронавируска каршы эмдөө кайсы даректерде жүрөт?

Models.

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг уюштуруп, эмдөө кайсы жерлерде жүргүзүлө турганын билдирди.

19-мартта Кытай Кыргызстанга «Sinopharm» препаратынын 150 миң дозасын бекер берген. Бул доза 75 миң адамды эмдөөгө жетет.

Вакцина жасалчу даректер:

Бишкек шаарында №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;

Бишкек шаарында №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;

Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;

Ош шаарындагы №8 жана №10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда.

Кийинчерээк байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пункттары уюштурула баштайт.