Марал Радиосу

«Кыргызстан Борбор Азияны, Кытайдын бир бөлүгүн электр менен камсыздай алат»

Кыргызстан энергетика маселелерин көз карандысыз, өзү чече алат. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ГЭС, ЖЭБдер үчүн керектүү жабдуулар гана сырттан алынбаса, башка эч кандай көз карандылык болбойт.

Кыргызстандын энергетика тармагы боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунга чыгууга зор мүмкүнчүлүгү бар.

«Өлкөнүн 138 млрд кВт саат электр жарыгын чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. ГЭСтердин баарын куруп койсок, жалпы Борбор Азияны, Кытайдын бир бөлүгүн, «CASA-1000» долбоорун электр жарыгы менен камсыздоого шарт түзүлөт», — дейт Султаналиев.

Exit mobile version