Марал Радиосу

Өкмөт парламентте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалымат берет

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети Өкмөттүн «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук менен күрөшүү жөнүндө» токтомунун аткарылышы боюнча маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Тармактык комитеттин отурумунда вице-премьер-министр Артем Новиков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков баяндама жасайт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 2020-жылы 1 ай ичинде 8 миң 337 факты, ал эми 2019-жылы 7 миң 428 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Exit mobile version