Марал Радиосу

27-мартка карата 88 адамдан коронавирус аныкталды

27-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгон жаңы учур катталган жок. Соңку сутка ичинде 88 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Вирус жугузуп алган жаңы учурлардын эң көбү Бишкек шаарынан чыкты.

  • Бишкек — 55
  • Ош — 0
  • Чүй облусу – 24
  • Ош облусу — 0
  • Талас облусу — 0
  • Нарын облусу — 3
  • Ысык-Көл облусу – 5
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен облусу — 0

Өлкө боюнча 87 946 адамдан коронавирус тастыкталды.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 68 бейтапты түздү. Мунун менен вирустан айыккандардын жалпы саны 84 537ге жетти.

Учурда стационарда дарыланып жаткан 528 бейтап бар. Анын ичинен:
4 адам (0,7%) — канааттандыраарлык абалда;
366 (69,3%) — орто оордукта;
138 (26,1%) — оор абалда;
20 (3,7%) — өтө оор абалда.

Ал эми амбулатордук дарыланууда – 437 бейтап.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын баары Бишкек шаарынан.

Ал эми бир суткада стационардан 0, үй карантининен 0 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4233 учур катталды, алардын ичинен 4196 медкызматкер сакайды.

Exit mobile version